Дем бересин - Тынысхан /Раймаалы 2022

Раймaaly  music ♪
Раймaaly music ♪
343 هزار بار بازدید - 2 سال پیش - Раймaaly TV/ Раймаалы командасынан жаны
Раймaaly TV/
Раймаалы командасынан жаны ыр , Тынысхан "Дем бересин"

Деңиздеги жалгыз калган кайык сымал,
Шамалы жок дарегимден жылбай турам.
Айнек үйгө камакталган балык сымал,
Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам.

А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.

Жер-асмандын ортосунда түркүк болуп,
Табияттын же мыйзамын мен буза алармын.
Алтын тордон бошотууга бүркүт болуп,
Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын.

Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан,
Буулукканда бир өзүңө
жолугам.
Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман,
Себеби билем, менин жеңилүүгө жолум жок,
Бир өзүңдөн башка жанга орун жок,
Эч жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө.

Анткени сен мага дем бересиң, жел бересиң,
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.

Сонун ыр учун Акжол досубузга ыраазычылык билдиребиз!


БИЗДИН  БАРАКЧАЛАРГА КАТТАЛЫНЫЗДАР.
ырчы : https://instagram.com/tynyskhan_offic...        
оператор ;  Instagram: kalyskhan_sagynaliev
аранжировка ;  https://instagram.com/rhymeaaly?igshi...
телеграм :  https://t.me/rhymeaaly (все песни тут)
#Раймаалы #тынысхан #дембересин
2 سال پیش در تاریخ 1401/01/15 منتشر شده است.
343,003 بـار بازدید شده
... بیشتر