Аскар Акаев: Тергөөгө жардам бергени келдим

Азаттык
Азаттык
234 هزار بار بازدید - 3 سال پیش - Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга
Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты. Бул тууралуу ал 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди. Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында дүйшөмбүдө Бишкекке келген. Ал "Кумтөргө" байланыштуу "чоң суроолор" бар экенин белгилеп, бир жума Бишкекте болорун, суракка келип турарын айтты. Президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын, Кыргызстанга келүүгө жол ачып бергени үчүн рахмат айтканын да кошумчалады. Расмий маалыматка ылайык, Акаев мурдагы "Кумтөргө" байланыштуу макулдашууларды түзүү, коррупциялык фактыларга байланыштуу айыпталган. Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу. Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. _________________________________________ Биздин сайт - www.azattyk.org/​ Instagram - www.instagram.com/azattyk.kg/​ www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - www.facebook.com/azattyk.org​ www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu​ t.me/azattykrus
3 سال پیش در تاریخ 1400/05/11 منتشر شده است.
234,029 بـار بازدید شده
... بیشتر