УКМК Ошто 4 мурдагы жетекчини эмне үчүн кармаганын түшүндүрдү. Депутат изделүүдө

Turmush
Turmush
11.6 هزار بار بازدید - 2 ماه پیش - Ош шаарынын Туран кичи районундагы
Ош шаарынын Туран кичи районундагы турак үйлөргө келтирилген зыяндын себептерин текшерүүнүн жыйынтыгында кооптуу жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тактап айтканда муниципалдык кызматкерлер: - Ош шаарынын мурдагы вице-мэри А.Ж.М. (Жасур Азимов), - Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы С.А.Э. (Ашимжан Семетеев), - "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын мурдагы башчысы С.И.Б. (Ильяз Сансызбаев) - Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы башчысы Т.А.А. (Алтынбек Токошев). Алар кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га (Алмаз Иминжанов) Туран кичи районунун түштүк тарабында жайгашкан сел сууларын агызуучу каналдын (аянты 2,2 га) жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам беришкен. #кыргызстан #жанылыктар #ош
2 ماه پیش در تاریخ 1403/05/03 منتشر شده است.
11,631 بـار بازدید شده
... بیشتر