Ташиев кесиптештерин Ч.Айтматовдун үй-музейине алып барды

Otkurbek Rakhmanov
Otkurbek Rakhmanov
22.5 هزار بار بازدید - 2 ماه پیش - УКМК: КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери
УКМК: КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Ч.Айтматовдун үй-музейине барышты  

   Үстүбүздөгү жылдын 24-майында  КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Бишкекте болгон КМШнын коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отурумунун алкагында Ч.Т. Айтматовдун үй-музейине барышты.  Аталган музейде Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылган.
 КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилерине Ч.Т.Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов экскурсия жасап, залкар жазуучунун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырды.
Ч.Айтматовдун музейинин бай экспозициясы конокторду өзүнүн мазмуну жана көп түрдүүлүгү менен кызыктырды, анткени музейде жазуучунун адабий мурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрү коюлган.
Белгилей кетсек, Ч.Айтматов - жазуучу, философ, гуманист жана коомдук ишмер. Музейдеги көргөзмөлөр улуу жазуучу, терең ойчул, дүйнөлүк масштабдагы коомдук ишмердин көп кырдуу ишмердүүлүгүн  даңазалап турат.
—————-

 24 мая с.г. главы спецслужб СНГ в ходе пребывания в г.Бишкек на 54-ом заседании Совета руководителей органов безопасности и специальных служб СНГ посетили дом-музей Ч.Т.Айтматова, где они ознакомились с экспозицией музея, посвященной жизни и творчеству Чингиза Айтматова.
Сыном Ч.Т.Айтматова - Эльдаром Айтматовым проведена экскурсия и подарены памятные книги с произведениями Ч.Т.Айтматова.
Богатая экспозиция музея Ч.Т.Айтматова заинтересовала гостей своей содержательностью и разнообразием, так как в музее представлены редкие образцы материалов литературных наследий писателя.
Ч.Айтматов писатель, философ, гуманист и общественный деятель. Экспозиции музея раскрывает многогранную деятельность великого писателя, глубокого мыслителя, общественного деятеля мирового уровня.
2 ماه پیش در تاریخ 1403/03/05 منتشر شده است.
22,574 بـار بازدید شده
... بیشتر