Суусамыр: алтыгананын айласы табылабы?

Азаттык
Азаттык
94.9 هزار بار بازدید - 2 روز پیش - Суусамыр жайлоосуна Чүй менен Талас
Суусамыр жайлоосуна Чүй менен Талас облустарынан онго чукул райондун малчылары чыгат. Сонку кездери жайытты каптаган алтыгана маселеси тынбай көтөрүлүп келет. Буга чейин бул тикенектүү бадалды химиялык жана механикалык жол менен жок кылууга аракет жасалганы менен майнап чыккан эмес, тескерисинче анын ордуна коко тикен өңдүү отоо, зычндуу чөптөр чыккан . Экологдор, адистер алтыгананын тамырын күйгүзүп азайтууга караманча каршы болуп келет. Быйыл Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Суусамырга бир канча жолу экспедиция уюштуруп, алтыгана маселесин чечүү жолдорун издеп жатат. Алардын арасында бадалды тамыры менен казып барып Кумтөргө кен казылган жерлерге, сел жүрүү коркунучу бар аймактарга отургузуу, курулушка пайдалануу, дары-дармек өндүрүү жана шыпыргы жасоо деген сунуштар бар. #суусамыр #алтыгана #кыргызстан #экология _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб -. Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
2 روز پیش در تاریخ 1403/06/27 منتشر شده است.
94,988 بـار بازدید شده
... بیشتر