"Даамдуу" салат// Салат из цветной капусты

Даамдуу Тамактар
Даамдуу Тамактар
56.6 هزار بار بازدید - 4 سال پیش - #салаты
#салаты #салаттар #даамдуутамактар #кыргызчарецепттер

Салам достор! 🥗😉
Даамдуу тамактар каналында бүгүн түстүү капустадан жасалган даамдуу салат.

Керектүү азыктар:

🍁 Түстүү капуста 1 баш
🍁 Туз 0.5 аш кашык

Кайнаган сууга тузду, капустаны салып, кайнап чыккандан кийин 7-8 мүнөт кайнатып бышырып алабыз, муздаганча коюп коёбуз.

🍁 Жумуртка 3 даана
🍁 Туз 1/3 чай кашык
🍁 Кара мурч 1/3 чай кашык
🍁 Кызыл таттуу калемпир 1/3 чай кашык
🍁 Өсүмдүк майы 80 мл.

Жумурткага туз, кара мурч, кызыл калемпирди кошуп жакшылап чалып алабыз, муздаган капусталарды майда бөлүп алып жумурткага аралаштырабыз.
Өсүмдүк майын ыссытып капустаны 2 бөлүп кызарта 1-1.5 мүнөттөн кууруп алабыз.

🍁 Кызанак 3 даана
🍁 Колбаса (охотничья) 3-4 шт. (тууралат)

🍁 Майонез 100 гр.
🍁 Сарымсак 1-2 тишче
🍁 Укроп
🍁 Кара мурч 1/3 чай кашык

Соус үчүн майонезге майдаланган сарымсакты, тууралган укропторду, кара мурчту салып жакшылап аралаштырып алабыз.

🍁 Баардык азыктарды аралаштырып 10-15 мүнөт тыныктырып бере берсек болот👍😉

Мой инстаграм: Instagram: daamduu.tamaktar
4 سال پیش در تاریخ 1399/06/18 منتشر شده است.
56,635 بـار بازدید شده
... بیشتر