Максат Усубалиев: Кыргызстан жылдын баардык төрт мезгилинде тең туристтерди кабыл ала алат

Нарын Айып
Нарын Айып
25 بار بازدید - 2 ماه پیش - Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм
Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев: Акыркы 2-3 жылда бийлик тарабынан туризм тармагына өзгөчө көңүл бурулуп келатат, Туризмди колдоо фонду түзүлдү, анын негизги максаты – өлкөдөгү инфратүзүмдү жакшыртып, маркетингди жогорку деңгээлде уюштуруу жана башкалар. Кыргызстанда жылдын баардык төрт мезгили тең бир-бирине барабар кызыктуу жана даана өзгөчөлүктөрү бар, ошондуктан өлкөбүз туристтерди жылы бою кабыл ала алат. Ысык-Көлдө «Үч чоку» деген туристтик кластер курулуп жатат, «Кыргыз Куршевель» деген мамлекеттик ишкана түзүлдү, Каркыра жакта дагы тоо-лыжа туризмин өнүктүрүү долбоору бар. Бишкектен алыс эмес жерде Baytik Mountain Resort деген эс алуу борбору пландалып, мастер-план даярдалып жатат, ал жерде азыр иштеп жаткан тоо-лыжа базалары бириктирилип, жаңы мейманканалар курулуп, оюн-зоок индустриясы уюштурулат жана чет жактан келген туристтер гана эмес, Бишкек тургундары дагы качан болбосун барып эс алып кетсе болот.
2 ماه پیش در تاریخ 1403/04/20 منتشر شده است.
25 بـار بازدید شده
... بیشتر