Президент Садыр Жапаров Алай районуна көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту

KG NewsTime
KG NewsTime
8.6 هزار بار بازدید - 3 سال پیش - #АкыркыЖанылыктар
#АкыркыЖанылыктар #СадырЖапаров
Президент ошондой эле көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган афгандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоого бурду, конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы зарылдыгын белгиледи.

Ал бул маселени иштеп чыгууну быйыл баштоо керектигин кошумчалады.

Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда Садыр Жапаров калган афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз Мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтты — бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.

Анын белгилешинче, 2017-жылы көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар көнүшө албай кыйынчылык тартып жатышат жана Өкмөттөн дайыма жардам суроого аргасыз болушууда.

«Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот, биз аларга жардам беребиз жана жер которгон адамдарды жылуулук, электр энергиясы жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылууга каражат бөлөбүз», — деп баса белгиледи Президент.

Памирлик кыргыздар өзүлөрүнүн кайрылуусун мамлекет башчысына беришти. Анда мекендештерин жылуу кабыл алып, жаңы жерге жайгашууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылыктар айтылган. Мындан тышкары, алар Президенттен бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү: Памирге барып келүүну уюштуруу, жумуш менен камсыздоо, жаштарды окутуу, жарандыкты тездетип алуу ж. б.
3 سال پیش در تاریخ 1400/01/15 منتشر شده است.
8,658 بـار بازدید شده
... بیشتر