САЛАТ деп ушуну айт, ресторандагыдай салат уй шартында! Вы полюбите этот салат!

Даамдуу Тамактар
Даамдуу Тамактар
10.7 هزار بار بازدید - 2 ماه پیش - Салам достор! ❤️Курман айтка сөзсүз
Салам достор! ❤️
Курман айтка сөзсүз ушул өзгөчө салатты жасап көрүңүздөр🤗

Керектүү азыктар:
➖Уй эти
➖Кара мурч
➖Паприка
➖Жүгөрүнүн крахмалы
➖Соевый соус
➖Жумуртка

🟢Баарын этке кошуп, аралаштырып 15 мүнөткө коюп коебуз.
🔵Өсүмдүк майына этти бышканча кууруп алабыз.

➖Калемпир (жашыл, кызыл, сары түстөгү)
➖Бадыраң
➖Кинза

(Жашылчаларды видеодо көрсөтүлгөндөй кооз кылып туурайбыз)

➖Өнгөн маш (проросший маш)
➖Атайын даярдалган соус

🔴Өнгөн машты таза жууп, үстүнө кайнаган суу куюп 20-30 мүнөт коюп, андан кийин суусун сарыктырып салатка кошобуз.

🟡Аягында тууралган жашылчаларга этти, машты, кинзаны салып соус менен аралаштырабыз.

🟠Тарелкаларга салып бетине куурулган кунжутту себелеп, ачуу перец халаньодон ар кайсы жерине коюп койсо болот😉
2 ماه پیش در تاریخ 1403/03/25 منتشر شده است.
10,742 بـار بازدید شده
... بیشتر